Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Конституциялык Соттун судьясын белгисиз бирөөлөр сабап кетишти


БИШКЕК. Конституциялык Соттун судьясы Марат Кайыповду белгисиз бирөөлөр эсинен тангыча сабап кетишкен. Марат Кайыповдун иниси Абдыкапар Кайыповдун маалыматына караганда, окуя 8-январь күнү кечинде, Марат Кайыпов жумуштан үйүнө келатканда болгон. Белгисиз эки адам М. Кайыповдун артынан келип, темир менен башка эки жолу чапкан. Конституциялык Соттун судьясы эсинен танып жыгылганда, анын тулку-боюна, өзгөчө, бутуна темир менен чапкылашкан. Натыйжада, Марат Кайыповдун денеси көгала болуп, бутунун сөөгү тизесине чейин эки жерден сынган. “Сабагандар агамдын чөнтөк телефонун жана акчасын алган эмес, уруп туруп эле качып кетишкен», - деп кошумчалады Марат Кайыповдун иниси Абдыкадыр. Конституциялык Соттун таяк жеген судьясы азыр Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланууда.

XS
SM
MD
LG