Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Иранда реформачыл талапкерлер парламенттик шайлоого катышуудан четтетилүүдө


Буга байланыштуу президент Мохаммед Хатами өз жактоочуларын сабырдуулукка чакырды. Хатами өкмөттүн бүгүнкү жыйынынан соң белгилегендей, ал Коргоочулар кеңеши деген органдын чечимдери менен макул эмес. Эгер чечимдер өзгөртүлбөсө, келерки айдагы шайлоого байкот жарыяланышы да мүмкүн. Курамы динаятчылардан туруп, өлкөнүн саясий турмушуна көзөмөл жүргүзүүгө укугу бар аталган орган реформачылардын көптөгөн талапкерлерине, анын ичинде парламентин азыркы депуттарынын 85нин шайлоого кайра катышуусуна уруксат берген эмес. Ушундан улам реформачыл депутаттар бүгүнтөн тартып парламент имаратынын ичинде олтуруу менен нааразылык акциясын башташты.

XS
SM
MD
LG