БИШКЕК. Президент Аскар Акаев «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10 жылдыгына жана Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгына карата мунапыс берүү жөнүндө» мыйзамга экинчи жолу каршы пикирин билдирди. Мыйзам 2003-жылдын 24-апрелинде Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган. Ага мамлекет башчы 24-июлда каршы пикирин билдирген болчу. Көп өтпөй Мыйзам чыгаруу жыйыны Аскар Акаевдин сунуш-пикирлерин эске алуу менен мыйзам долбоорун кайрадан мамлекет башчысына жөнөткөн. Ошондой эле мындан бир нече күн илгери Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу да мамлекет башчысына кайрылуу жолдогон. Акыйкатчы учурда түрмөлөрдө оор абал түзүлгөндүгүн белгилеп, мамлекет башчысынан аталган мыйзамга кол коюуну өтүнгөн.
Президент абактагыларга мунапыс берүү жөнүндө мыйзамга экинчи ирет каршы пикирин билдирди