Парламентте сүйлөгөн сөзүндө Шарон "АКШ колдогон, палестиндер менен элдешүүнү караган пландан баш тартуу али эрте" деди. Ошол эле кезде ал палестиндер план боюнча өзүнө алган милдеттеринен тайса, Израилдин коопсуздугун толугу менен камсыз кылуу үчүн бир тараптуу чара көрүүгө даяр экендигин эскертти.