Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:40

Орусиянын Волгоград облусунда Жалалабад облусунун өкүлчүлүгү ачылды


ЖАЛАЛАБАД. Облустун Орусиянын аймактары менен байланыш түзүү боюнча өкүлчүлүгү Волгоград облусунун Калач-на-Дону шаарындагы Красноармейская көчөсүнө жайгашты. Өкүлчүлүк Орусиядагы кыргызтандыктардын укугун коргоо, орус инвестициясын облуска тартуу, биргелешкен ишканаларга жардам берүү милдетин аркаламакчы. Облустун өкүлү Темирбек Жусупбаев Орусиянын 9 облусундагы кыргыз уюмдарынын башчылары менен жолугушууда. Ырасмий эмес маалыматтарга караганда, Орусияда облустун 5 миңден ашуун атуулдары иштейт. Эки тараптуу сода-экономикалык жана маданий келишим облус башчыларынын былтыркы жолугушуусунда түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG