Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

ДЫЙКАН ЧАРБАЛАР КАЙРА КООПЕРАТИВДЕРГЕ БИРИГЕТ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстанда мындан 10 жыл мурда агрардык-жер реформасы башталган. Ушул жылдын февраль айынан тартып өлкөдө ал реформанын экинчи баскычы башталат. Андагы негизги максаттардын бири – айыл-чарба тармагында кооперация системасын түзүү болуп эсептелет.

1990-жылдардын башында агрардык-жер реформасынын алкагында республикада совхоз, колхоздордун жоюлушуна карата коомчулукта ар кандай пикирлер айтылган. Айрымдар реформадагы мындай кадамды оң баалашса, дагы бирөөлөр ага катуу каршы чыгып, бул республиканын айыл-чарба тармагына чоң жоготууларды алып келээрин эскертишкен. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Александр Костюктун айтымында, агрардык-жер реформасынын экинчи баскычында көңүл бурула турган негизги маселелердин бири – өлкөдө кайрадан кооперативдерди түзүү болуп эсептелет:

- Азыр дыйкандар жер үлүштөрүнө, мүлккө ээ болду. Бирок, дыйкан чарбалары бөлүп алган жерлерин өз алдынча иштетүүдө айрым маселелерге кабылышты. Кооперациялар түзүлсө, дыйкандар өздөрүнүн өндүргөн продукциясын сыртка алып чыгып сатууда жана техниканы пайдаланууда кыйла жеңилдиктерди алышат. Бул болсо тармактын абалын жакшыртууга алып келет.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын агроөнөржай комплекси маселелери боюнча комитетинин төрагасы Бөрүбай Жураевдин пикиринде, кооперативдерди түзүш үчүн аларга салык жеңилдиктерин бериш керек:

- Кооперацияны эл колдош үчүн кооперативдерге мыйзам менен белгилүү бир жеңилдиктер каралганы дурус. Ансыз кооперативдерди өнүктүрүү кыйын болот. Дыйкандар чоң салыктардан коркуп кооперативдерге бирикпей коюшу мүмкүн.

Өкмөт болсо өз кезегинде, айыл чарба продукциясына салыктын көлөмүн азайтууга Эларалык валюта кору уруксат бербей жаткандыгын айтууда.

Бөрүбай Жураевдин маалыматы боюнча, буга чейин «Кооперация жөнүндө» мыйзамдын жаңы долбоору Мыйзам чыгаруу жыйынынын агрардык маселелер боюнча комитетинде каралып, палатага сунушталды. Ал февраль ичинде каралышы болжолдонууда. «Кооперация жөнүндө» мыйзам долбооруна ылайык, 7ден кем эмес дыйкан чарбалар коопертивдерге бириге алышат. Алар өздөрүнүн каалоосу менен чарбага киреше алып келе турган өндүрүштү биргелешип жүргүзүшөт. Айрым иштерди өз алдынча жүргүзүүгө да укуктуу болушат. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен алынган маалымат боюнча, учурда өлкөдө 100 миңге жакын дыйкан чарбалар бар.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо министри Төлөбек Өмүралиевдин көз-карашында, кооперативдештирүү ыктыярдуу жүргүзүлүшү зарыл:

- Азыр эми кооперациялоо совет мезгилиндегиндей, мажбурлоо, күчкө салуу менен жүргүзүлбөшү керек. Дыйкан чарбалар өз ыктыяры менен биригип, иштесин. Дыйкандар өз каалоосу менен баш кошкондо гана реформа жакшы ийгиликтерге жетишет.

Өлкөдөгү жер жана агрардык реформанын экинчи этабынын алкагында кооперациялоо иштеринен тышкары, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча ишканаларды куруу, экспортко иштей турган мекемелерди көбөйтүү, дыйкан чарбаларга, кооперативдерге каржылык жана техникалык жардам көрсөтүү, айылдарды таза суу менен камсыз кылуу, элет жеринде тейлөө кызматын өрчүтүп, инфраструктураны жакшыртуу багыттары боюнча да иштер жүргүзүлөөрү айтылууда.

XS
SM
MD
LG