Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Өзбекстан: “Як-40” учагынын кыйроосуна эмне себеп болду?


Өзбек өкмөтү кечээ күнү Ташкен аэропортунда болгон авиакырсыкты иликтөө үчүн атайын комиссия түздү.
Республиканын чукул кырдаалдар кызматынын өкүлү Эргаш Икрамов кырсык болгон жайда түрдүү минстрликтердин адистери иштеп жатканын маалымдады:
- Кырсык болгон жайда Өзбекстандын чукул кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, Ички иштер министрлиги менен Ташкен акимиятынын граждандык коргонуу башкармалыгына караштуу күчтөр чогуу иштешүүдө.
Шаршемби күнү Өзбекстандын башкы прокурору Рашиджан Кадыров Термез шаарынан учуп келаткан “Як - 40” коюу туманда эки ирет коно албай, үчүнчү жолу конгону баратып, аба майданынын четиндеги бетон кашааны сүзүп алып күйүп кеткенин билдирди.
Кырсыктан бардыгы 37 адам, анын ичинде Улуттар Уюмунун Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Ричард Конрой жана америкалык укук коргоочу Ричард Пеннер курман болушту.
Өзбекстан аба жолдор компаниясынын кыйрап күйүп кеткен “Як-42” учагы акыркы төрт жылда тийиштүү техникалык кароодон өтпөгөнүн Беларустун транспорт министрлиги билдирди.
Министрликтин өкүлү Вадим Бицандын сөзүнө караганда, авиакырсыкка кабылган учак акыркы ирет 1999-жылы Минскидеги авиазаводдо техникалык кароодон өткөн экен.

XS
SM
MD
LG