Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:41

Президент Хатами реформачыл маанайдагы парламентарийлерге кайрылды


Ирандын президенти Мохаммад Хатами өлкө парламентинин реформачыл маанайдагы мүчөлөрүн нааразылык акциясын токтотууга чакырды.
Консервативдүү динаятчылар үстөмдүк кылган Коргоочу кеңеш 3 миңдей талапкерди, анын ичинде 80ден ашуун депутаттын февралда болчу парламенттик шайлоого катышуусуна тыйуу салган. Буга жооп иретинде, реформачыл мыйзамчы-депутаттар төрт күндөн бери парламенттин имаратынан чыгышпай, нааразычылык акциясын өткөрүшүүдө.
Алардын бири Мохсен Аминдин сөзүнчө, парламентарийлер президент Хатаминин суранычын талкуулап көрүшөт жана “маанилүү жыйынтыкка” жетишмейинче отуруп каршылык көрсөтүүсүн токтотушпайт.

XS
SM
MD
LG