Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Орусиянын Свердловск облусунун губернатору Кыргызстанга келди


БИШКЕК. Бүгүн Орусия Федерациясынын Свердловск облусунун губернатору Эдуард Россель президент Аскар Акаев менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Свердловск облусунун ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Жолугушууда Сверловск облусуна Кыргызстандан айыл чарба продукциясын экспорттоо, биргелешкен ишканаларды куруу, Ысыккөлдө туристтик комплекстерди салуу маселелери козголду. Кыргызстан менен Свердловск облусунун жетекчилиги тарабынан энергетика, металлургия, өнөр жай жана айыл чарба тармактарындагы кызматташуу боюнча узак мөөнөткө эсептелген программаларды иштеп чыгуунун зарылдыгы жөнүндө айтылды.

XS
SM
MD
LG