Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Ирактын америкалык башкаруучусу АКШга келип, президент менен жолукту


Ирактын убактылуу америкалык башкаруучусу Пол Бремер Вашингтонго келип, бүгүн президент Жорж Буш менен жолугууда. Бир нече күндөн бери Ирактын ар башка шаарларында антиамерикалык демонстрациялар өтүп жатат жана 15-январда Басра шаарында он миңдеген адам чогулду. Алардын пикиринде, Ирактын жаңы жетекчилигин тез арада жана жалпы элдик түз шайлоо аркылуу аныктоо керек. АКШ жетекчилигинин айтымында, бийлик ирактыктарга мурда белгиленген 30-июндан эрте өткөрүлүп бериле албайт. Ирактын Башкаруучу кеңешинин учурдагы төрагасы Аднан Пачaчинин айтымында, 30-июндан эрте бир нерсе жасап үлгүрүү мүмкүн эмес: "Биз 30-июнга байланганбыз, бирок жаңы өкмөттү шайлоо андан кечиктирилсе, эл арасында терең нааразылык пайда болот жана андай жоопкерчиликти өзүнө эч ким алгысы келбейт ко деп ойлойм". АКШ Мамлекеттик катчылыгынын айтымында, Ирак элинин пикирин америкалык жетекчилик сыйлайт.

XS
SM
MD
LG