БИШКЕК. Бүгүн ислам дининин 100дөн ашуун өкүлү Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын ишине нааразылык акциясын уюштурушту. Корпорациянын алдында өткөн акциянын катышуучулары кыргыз элинин нарк-насилине, каада-салттарына каршы келген берүүлөрдү көрсөтүп жатканы үчүн КТРдин жетекчилигин айыпташты. Акыркы кезде экрандан алынып салынган «Коломто» телеберүүсүн кайра чыгарууну талап кылышты. «Акыл, эс, рух, ыйман» коомунун башчысы Дүйшөн ажы Абдылда уулунун айтымында, акция өткөрүүгө жакында «Ак босого» аттуу телеберүүдөн мусулманчылыктын каада-шарттарына карата айтылган пикирлер себеп болду. Ислам дининин өкүлдөрү менен телерадиокорпорациянын вице-президенти Молдосейит Мамбетакунов жолугушту. Анын жыйынтыгында коюлган талаптарды аткаруу максатында атайын комиссия түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.