Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

АКШнын президенти Конгресске жана элге кайрылуу жасады


Жорж Буш Ирактагы согушту туура деп эсептейт. Анын айтымында, Саддам Хусейндин режиминин кулатылышы туура иш болду жана Америка өзүн коргоо үчүн башкалардан "уруксат" алууга муктаж эмес. Буш ошондой эле Конгресстин кош палатасынын биргелешкен жыйынында сүйлөгөн сөзүндө белгилегендей, Ирак согушу былтыр жыл соңунда Ливия массалык кыргын салуучу куралдар программасынан баш тартуусу үчүн да фактор болду. Жорж Буштун пикиринде, Ирактагы жана Ооганстандагы окуялардан кийин Американын сөзүнөн азыр эч ким күмөн санай албайт. АКШ өткөн март айында Иракка басып кирбегенде, Саддам Хусейндин режими массалык кыргын салуучу куралдарын өнүктүрүүгө умтула бермек. Саддамдын бийликтен кулатылышы менен дүйнө коопсуз болуп калды. Ал эми анын өзөктүк курал программасынын элементтери Ирактан табылды. Анткен менен Ж.Буш АКШнын лидерлери согуш алдында ырастагандай, Ирактан химиялык же биологиялык куралдардын өзү азыркыга чейин табылбагандыгы боюнча эч нерсе айткан жок. АКШнын президенти ошондой террорчуларды колго түшүрүү же жок кылуу жаатындагы ийгиликтерди кубаттады. 2001-жылдын 11–сентябрынан бери АКШда терракт орун албаганын белгиледи. Бирок Ж.Буштун айтымында, террор коркунучу жоюлду деп эсептөө америкалыктар үчүн жаңылыштык болмок.

XS
SM
MD
LG