Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:14

Америкалык конгрессмендердин Ливиядагы сапары


Триполиде сапарда жүргөн америкалык конгрессмендер дүйшөмбү күнү Ливиянын лидери Моамар Каддафи менен кездешип, АКШ - Ливия ортосундагы дипломаттык мамилени жандандыруу маселесин талкуулашты.
Республикачыл конгрессмен Марк Соудердин маалымдашынча, конгрессмендер Каддафиге, 18 жыл мурдакы бомбалоодо бакма кызынын өлгөнүнө байланыштуу, көңүл айтышты.
Каддафинин кызы анын Триполидеги үйүн америкалык учактар бомбалаганда каза болгон.
Конгрессмен Курт Уелдон болсо Каддафи менен сүйлөшүү “өтө үзүрлүү” болгонун билдирди.
Эки өлкө ортосундагы дипломаттык байланыш 1981-жылы үзүлгөн. Америка Кошмо Штаттары 1986-жылы Ливияга каршы жарыялаган эмбарго али да күчүндө.
Конгрессмендердин сапары, Ливия массалык жок кылуучу куралдуу болуу аракетин токтотконун жарыялагандан кийинки, Вашингтон-Триполи арасындагы оң жылыштардын алгачкы жышааны.

XS
SM
MD
LG