БИШКЕК. «Узөңгүкууштагы чегара курулуштарынын баасын Кыргыз жана Кытай тарап чогуу түзгөн комиссия аныктоого тийиш» деп билдирди өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов. Узөңгүкууш аймагы 1999-жылдагы Кыргыз-Кытай келишими боюнча Кытайга берилген. Саламат Аламановдун айтымында, 1996 - жана 1999-жылдагы Кыргыз-Кытай келишимдеринин алкагында эки мамлекеттин чегарасы толук демаркацияланып бүттү. Бүгүнкү күндө карта чийилип, документтик иштер жүрүп жатат. Бул иштер аяктагандан кийин жыл аягына чейин протоколго кол коюлат.