Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Багдадда кайрадан жарылуу болду


Бүгүн таңга маал болгон жарылуудан ирак полициясынын маалыматы боюнча төрт адам, ал эми америкалык аскерлердин айтымында, жардырууну жасаган жанкечти гана каза тапты. Мындан башка 17 адам жаракат алды. "Тез жардам " катары жасалгаланган автоунаа чет элдиктер туруучу "Шахин" деген мейманкананын алдында жардырылды.
Кечээ БУУнун башкатчсы Кофи Аннан Иракка жалпы элдик шайлоону жакын арада өткөрүү мүмкүн же мүмкүн эместигин аныктоочу эксперттик топту жиберээрин, бирок АКШ баштаган коалиция алардын коопсуздугун кепилдеш керектигин билдирген эле.

XS
SM
MD
LG