Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

КЫРГЫЗСТАН ЭЛДЕРИНИН IV КУРУЛТАЙЫ ӨТТҮ


30-январда Кыргызстан элдеринин төртүнчү курултайы болду. Ага 800 делегат катышты. Алар көп улуттуу өлкө калкынын мындан аркы өнүгүшүнө багыт берген концепцияны кабыл алып, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын жетекчи органын шайлады.

Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган төртүнчү курултай «2004-жыл - социалдык мобилизациялоонун жана акыйкат башкаруунун жылы» деген ураан алдында өттү. Анын негизги максаты –Кыргызстандын 154 улуттан турган калкынын ынтымагы менен биримдигин бекемдөө. Ошондой эле, саясий туруктуулукту камсыз кылууда ассамблеянын жүргүзгөн ишине саресеп алып, алдыда турган милдеттерди аныктоо болду. Бул багытта президент Аскар Акаев, ассамблея кеңешинин төрагасы Иса Токоев жана делегаттар сөз сүйлөшүп, мамлекеттеги бейкуттукту камсыз кылууда улуттар аралык ынтымак менен биримдик башкы тирөөч болгондугун белгилешти. Ал тууралуу президент Аскар Акаев мындай деди:

- Он жылдын ичинде, улуттук тарыхыбыздын эң эле жоопкерчиликтүү, эң эле бурулуш мезгилинде биздин ассамблеябыз эл ичиндеги ынтымакты чыңдоодо, этностор арасындагы эриш-аркак мамилени бекемдөөдө эбегейсиз зор милдетти аткарды. Натыйжада, эрктүү Кыргызстандын керегесин тикелегенде, мамлекеттүүлүк идеясын ишке ашырууда ар бир улут өзүнүн олуттуу салымын кошту. Ар бир этнос өлкөбүздө саясий жана экономикалык кайра куруу жараянынын ысыгына биз менен чогуу күйүп, суугуна кошо тоңду.

Курултайда президент Аскар Акаев социалдык мобилизациялоо жылынын башкы милдети элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга жапатырмак киришүү деп белгиледи:

- 2004-жылдын башкы милдети-бул элдин жашоо шартын жакшыртуу, кирешесин көбөйтүү жана жакырчылыкты азайтуу. Биздин урааныбыз жана максатыбыз - ар бир үйгө бакубат жетишкендик алып келүү.

Президент бул максаттарды ишке ашыруу үчүн эң ириде улуттардын өз ара ынтымакта эриш-аркак жашоосуна өбөлгө түзчү саясат жүргүзүү, анын ичинде билим берүү тармагында улуттардын бири-бири менен байланышын камсыз кылуучу иш-чараларды турмушка ашыруу милдетин алдыга койду. Президенттин ою боюнча, бул үчүн айыл жериндеги жолдорду оңдоп, маданий борборлорду кайра жандандыруу, чакан шаарларды жана коомдогу моралдык абалды жакшыртуу зарыл. Коомдогу моралдык абалды жакшыртуу үчүн эң ириде үй-бүлөдөгү ынтымакты бекемдөө, аял менен балдардын укугун сактоо керек жана бул иште ар улуттун башын кошкон ассамблея башкы укук коргоочу болууга милдеттүү.

Президенттен кийин жарыш сөзгө чыккан делегаттар алдыга коюлган милдеттерди аткарышаарын, президенттин саясатын колдошоорун жарыя кылышканы менен аны ишке ашыруу боюнча так сунуштарды айтышкан жок.

Делегаттардын бири - корейлер ассоциациясынын төрагасы Роман Шин гана саясатты сындап, ооз көптүргөндөр элди жадатканын билдирип, улуттардын өнүгүүсү жөнүндөгү концепцияга массалык маалымат каражаттарынын патриоттук жоопкерчилигин талап кылган жобо киргизүүнү сунуш кылды.

Айрым оппозиция өкүлдөрү алдын-ала жарыя кылышкандай курултайда президенттин дагы бир мөөнөткө калып иштөөсүн өтүнгөн сунуштар болгон жок. Бирок, Жалалабад уиверситетинин ректору Жамгырбек Бөкөшевдин төмөнкү сөзү ал мүдөөнү кыйыткандай ой жаратты:

- 2005-жыл - өзгөчө мааниси бар шайлоолор жылы жакындап келе жатат. Мына ушул жыл жакындаган сайын ашыкча оюн-зооктон, албетте, мен бул жерде саясий оюндар менен бир максатты көздөгөн тымызын аракеттерди эске алып жатам. Ошолордон алысыраак болуп, шымаланып иштеп, бүт күч-демибизди жумшасак коомубуз дагы алдыга жылат деп ойлойм. Мына биз туруктуу өнүгүүнүн жолуна түштүк деп жатабыз. Бирок, туруктуу өнүгүүнүн жолун жеңил деп ойлогон болбойт. Урматтуу Аскар Акаевич, мына жакында сиз жер-жерлерди кыдырып, элдин маанайын көрдүңүз. Туруктуу өнүгүү максатына жетиш үчүн элге туруктуу саясат, туруктуу багыт керек. Ошондуктан, ушул маселелерге келгенде элдин мүдөөсүн, мамлекеттин кызыкчылыгын эске алып чечим кабыл аласыз го деген үмүттөбүз. Бул сөз мени ушул курултайга шайлаган элдин жана биз окутуп жаткан студент жаштардын пикири деп билиңиздер.

XS
SM
MD
LG