Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Орусиянын миграциялык картасы кыргыз атуулдарына Бишкектен берилбейт


БИШКЕК. Темир жол менен Орусияга сапарга чыккан кыргызстандыктарга Орусиянын миграциялык карталары Бишкектен берилген жери жок. Мындай маалымат бүгүн Бишкектеги темир жол станциясынын инженери Жоробек Сагибаевден алынды. Анын маалыматына караганда, миграциялык карталар мурдагыдай эле Орусия менен Казакстан чектешкен Рубцовка, Елецк жана Петухово станцияларында берилип, кыргызстандык атуулдар аны вагон ичинде толтуруп беришет. Мындай тартип өткөн жылдын апрель айында киргизилген. Ал эми Орусиянын айрым агенттиктери Орусияга сапар алган кыргызстандыктар 1-февралдан тарта миграциялык карталарды Бишкектен чыгаар алдында толтура башташты деген маалымат тараткан болчу.


Кабарларды даярдап, окуган - Бүбүкан Досалиева, Бишкек шаары.

XS
SM
MD
LG