Жеймс Келли Түштүк Кореянын бийликтери менен Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулайт. Түштүк Кореядан соң Мамлекеттик катчынын жардамчысы Жапонияга барат. Түндүк жана Түштүк Корея, АКШ, Кытай, Жапония Орусия катышкан көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алгачкы айлампасы былтыр августа Пекинде өтүп, бирок натыйжасыз аяктаган болчу.