Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

«Арнамыс» партиясы адам укуктары боюнча эларалык лигага кайрылды


БИШКЕК. «Чексиз бийликке ээ болгон Аскар Акаевдин башкаруу режими Кыргызстанда атуулдук коомдун өнүгүшүнө ар тараптуу тоскоол болууда. Ал эми мамлекеттик институттар жогорку бийлик үчүн гана кызмат кылууда. Ошондуктан, Кыргызстандын жогорку бийлигинин «Арнамыс» партиясынын учурда абакта жаткан төрагасы Феликс Куловго жана өлкөдөгү башка адам укугун бузган фактыларга карата мамилесине Адам укуктары боюнча эларалык лиганын адилетүү көз-карашы кыргызстандык атуулдарды аталган лигадан күткөн башкы үмүтү». Мындай мазмундагы кайрылууну «Арнамыс» партиясы Адам укуктары боюча эларалык лиганын президенти Скот Хортонго жолдоду. Кайрылуу ээлери Адам укуктары боюнча эларалык лиганын президенти Скот Хортондон анын жакында Бишкекке боло турган иш сапары учурунда партия өкүлдөрү менен жолугуп сүйлөшүүнү өтүнүшкөн. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев буга чейин «Феликс Кулов саясий себептер менен эмес, жасаган күнөөсү үчүн камалган» деген пикирин билдирген.

XS
SM
MD
LG