Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:40

Британия өлкөнүн коопсуздук кызматынын Ирактын кыруучу куралдары жөнүндө берген маалыматын териштирет


ЛОНДОН. Британиянын премьер-министри Тони Блэр өлкөнүн коопсуздук кызматынын Ирактын кыруучу куралдары жөнүндө берген маалыматын териштирүүгө буйрук берди.

- Курал инспекторлорунун башчысы Дэвид Кэйдин айткандарынан улам, биз чалгындоо кызматынын маалыматын териштирип чыгуубуз керек деп ойлойм, - деди Блэр.

Оппоненттер Британ премьер-министрин Ирактын кыруучу куралдары жөнүндөгү маалыматтарды Иракка согуш ачуу үчүн шылтоо кылган деп айыптап, бул маселенин көз карандысыз комиссия аркылуу иликтенүүсүн талап кылышууда. Кечээ АКШнын президенти Жорж Буш Американын чалгындоо кызматынын маалыматы Иракка согуш ачууда кандайча пайдаланылганын атайын комиссия териштирээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG