МОСКВА. Бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин Италиянын тышкы иштер министри Франко Фраттинини кабыл алды. Жолугушуу учурунда Владимир Путин “Орусия менен Европа биримдигинин ортосундагы мамилелер теңчиликтин негизинде өнүгүшү керек, Орусия Евробиримдик менен кызматташууга даяр” деп билдирди. Орус президентинин айтымында, мындай кызматташуу баардык европалыктар пайдалуу.