Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Майлуусуу шаарынын акимине каршы козголгон иш сотко өттү


ЖАЛАЛАБАД. 4-февралда облустук прократурадан алынган маалыматка караганда, Майлуусуу шаарынын акими Абдиназар Шерматовго каршы козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады. Иш сотко өткөнү турат. Акимге «Майлуусуу дарыясына агып түшкѳн таштанды сууларды токтотуу чарасын көргөн эмес жана аны өз учурунда жогорку бийликтегилерге билдирген эмес» деген айып коюлууда. Чара көрүлбөгөндүктөн ѳткѳн жылы шаар менен Ноокен районунун 132 тургуну ичкелте менен ооруган. Натыйжада, Кылмыш кодексинин 316-беренесине ылайык, шалаакылык кылгандыгы үчүн ага каршы кылмыш иши ачылган. Бирок, сурак берген учурда Абдиназир Шерматов коюлган айыптарга макул эместигин билдирген.

XS
SM
MD
LG