Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:23

Ооганстанда баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча эл аралык конференция өтүүдө


Конференцияга келген 250дөй делегат бул багыттагы маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде апийим айдаган дыйкандарды каражаттын башка булагы менен камсыздоо, баңгизатка карата талапты кантип азайтуунун жолдорун талкуулоодо. Конференциянын бүгүнкү отурумунда БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча мекемесинин башчысы Антонио Мария Коста чыгып сүйлөмөкчү. Конференция алдында тараткан билдирүүсүндө ал Ооганстан чечүүчү учурда турганын жана апийим өндүрүүнүн көлөмүн азайтыш керектигин билдирди. Антпесе, талибдер бийликтен кулатылгандан кийин жетишилген ийгиликттер жокко чыгышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG