Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Оппозициялык партиялар кадрдык өзгөрүүлөрдү сынга алышууда


БИШКЕК. Кыргызстандын президенти жүргүзгөн кадрдык өзгөртүүлөр мамлекеттик башкаруу системасына жаңылык алып келбейт. Өкмөттүн түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жана кадрдык алмаштыруулар келээрки парламенттик жана президенттик шайлоого даярдыктарды көрүү максатында жасалууда. Мындай пикирлерин республикадагы оппозициялык маанайдагы саясий партиялардын өкүлдөрү билдиришүүдө. «Асаба», «Эркиндик» партияларынын жетекчилеринин айтымында, азыркы өкмөттүн курамында «Алга, Кыргызстан» сыяктуу партиялардын өкүлдөрүнөн башка саясий партиялардын өкүлдөрү жок. Президент Аскар Акаев буга чейин өкмөттүн түзүмүндөгү өзгөрүүлөрдүн негизги максаты - өлкөнүн башкаруу системасын жакшыртуу жана мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу деп маалымдаган.

XS
SM
MD
LG