Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:17

Баткен коогалаңынын катышуучуларына жардам көрсөтүлөт


БИШКЕК. 1999-2000-жылдарда ички иштер органында жана куралдуу күчтөрдө аскер кызматын өтөп жүрүп, Баткен коогалаңында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана согуш учурунда жаракат алып майып болгон кызматкерлерге материалдык колдоо багытында, кыргыз өкмөтү резерв фондусунан 1,5 млн. сом өлчөмүндө акча бөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан бүгүн маалымдашты.
Ата мекенди коргоп, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн ар бирине 25 миң сомдон, 1-топтогу майыптарга 20 миң сомдон, 2-топтогу майыптар 15 миң, 3-топтогу майыптарга 10 миң сомдон жардам көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG