Ага катышкан 5000ден ашуун орус тилдүү мектеп окуучулары Латвиянын президентинин иш кеңсесинин алдында "Реформа токтотулсун!", "Орус мектептерден колуңарды тарткыла!" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгышты. Латвиянын 2 млн 300 миң адамдан турган калкынын үчтөн бирин орус тилдүүлөр түзүшөт. Кечээ өлкөнүн президенти Вайра Вике-Фрейберга кол койгон мыйзамга ылайык, Латвиядагы мектептерде сабактардын 60%ы латыш тилинде өтүшү керек. Мыйзам 1-сентябрдан тарта күчүнө кирет.
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага