Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:56

ИРАКТАГЫ СОҢКУ КЫРДААЛ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Улуттар Уюмунун Иракта жүргөн делегациясынын башчысы Иракта эрте шайлоо өткөрүү талабына колдоо билдирди. Делагация башчысы Лахдар Брахими шайлоону тез арада өткөрүү ирактыктардын кызыкчылыгын коргогон мамлекетти түзүүгө мүмкүндүк берерин айтты.

Улуттар Уюмунун Иракта жүргөн делегациясынын башчысы Лахдар Брахими өлкөдө тез арада тикелей шайлоо өткөрүүнү талап кылып жаткан шийи диний лидери Али ас-Систанини толук колдоп чыкты. 12-февралда Нажафта Систани менен болгон жолугушуудан кийин жасаган билдирүүсүндө Брахими шайлоо ирактыктарга өздөрүнүн кызыкчылыгын коргогон мамлекетти түзүү мүмкүндүгүн берээрин баса белгиледи. Брахими, ошондой эле, шайлоо жакшы даярдалып, ирактыктардын жана Улуттар Уюмунун мүдөөсүнө төп келүүгө тийиш деди. Улуттар Уюмунун өкүлдөрү Иракта эрте шайлоо өткөрүү үчүн шарттар бар же жок экенин изилдеп чыгышат. Ыктымал эрте өткөрүлө турган шайлоонун датасы азырынча маалымдала элек.

Анын аралыгында, Иракта террордук кол салуулар уланууда. Шаршембиде Багдадда Ирактын жаңы армиясына жоокер жалдоо борборунун алдында бомба жардырылып, андан 47 киши курман болду. Кол салууда аман калган Аббас Фазил деген жигит:

- Алар капилеттен бомба жардырганда мен 200дөй киши менен көчөдө кезек күтүп турган элем. Жардыруудан америкалыктар жабыркаган жок, анткени алардын баары имараттын ичинде болчу, - деп баяндады.

Андан бир күн мурда Ирактын Искандария шаарында өлкөнүн жаңы полициясына жалдануу үчүн кезек күтүп тургандарга кол салуу болуп, андан 50 киши набыт болгон. Айдын башында өлкөдө Орозо Айт белгиленип жатканда эки жан кечти террорчу күрт партияларынын эки кеңсесинде бомба жардырышып,100 дөн ашык кишинин ажалына калышкан. Эки аптага жетпеген убакыттын ичинде болгон бул кандуу окуялар террорчулар эми карапайым элди мээлеп калышканын дагы бир жолу ырастады.

Шаршемби күнкү теракттын артында кимдер тургандыгы белгисиз. Айрым байкоочулар бул чабуулдарды Саддам Хусейиндин Федаин согушкерлеринин калдыктары ишке ашырган деген ишенимде. Ал эми террорчу аз-Заргавинин катына таянган эксперттер мыкаачы чабуулдардын артында чет элден сүңгүп кирген «ал-Кайыда” менен санаалаш террордук уюшма тургандыгын боолголошот. АКШ аскерлеринин өкүлү полковник Ральф Бэйкер шаршемби күнкү чабуул жөнүндө:

- Бүгүнкү кол салуунун артында кимдер тургандыгын аныктай албай жатабыз. Аны ишке ашыруу жолойу “ал-Кайыданыкына” же “Ансар ал-Ислам” уюмунукуна окшош деп гана айта алабыз, - деди.

Жакында америкалык аскерлердин колуна түшкөн документте террордук уюшманын ана башчысы Ал-Заргави сунни менен шийилерди өз ара өчүктүрүп, ич ара согуш тутантып, калк арасында антиамерикалык маанайды курчутуп, америкалык аскерлерди өлкөдөн чыгып кеткенге мажбурлоону көздөп турганын баяндаган.

Кандуу чабуулдар антиамерикалык маанайды чынында эле курчута алган шекилдүү. Анда америкалык аскерлер эмес, бейкүнөө карапайым ирактыктар жабыркап жатканы калың калктын үрөйүн учуруп, ачуусун келтирди. Теракт жасалган жерде болгон кабарчыбыз Сами Алкожа ачууланган элдин ичинде жардыруу америкалыктардын эле колунан келген дегендер да бар экенин айтат.

- Мен айрым ирактыктар менен сүйлөшүп көрдүм жана алар чабуулду америкалыктар пландаштырып, америкалыктар ишке ашырган деген сезимде калышканын айтышты. Демейде көчөдө кароолдо турушкан америкалык солдаттар дал жардыруу болгон маалда сыртта эмес, имараттын ичинде болуп чыккан. Бул адаттан тыш, таң калычтуу көрүнүш, - дейт Алкожа.

Искандария шаарында болгон теракттан кийин жүздөгөн ирактыктар мыкаачы киши өлтүрүүнү АКШ аскерлери өздөрү уюштурган деп чыгышкан болчу.

XS
SM
MD
LG