БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү «Аз камсыздалган үйбүлɵлɵргө жана согушка катышкан атуулдарга социалдык колдоо көрсөтүү» тууралуу 1998-жылкы токтомго өзгөртүү киргизди. Мындай маалымат бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматынан алынды. Ал кабарга караганда, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен согуштун ардагерлери кышында 220 киловатт саат көлөмүндөгү электр энергиясын турмуш тиричилик үчүн жагып, акысын кадимки тариф менен төлөөгө уруксат берилди. Андан тышкары үйү газ менен жылытылбаган атуулдар тамак-аш жасоо үчүн айына 210 киловатт саат электр энергиясын жага алышат.