Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Куштардын сасык тумоосунан бир кабылан өлдү


Бүгүн Таиланддын айлана-чөйрө министрлиги буга чейин 20 чакты кишинин өмүрүн алган куштардын сасык тумоосунан бир кабылан жан таслим болгонун маалымдады.
Министрдин айтымында, ошол эле зоопаркта бир жолборс бул сасык тумоодон айыкты.
Таиландда илдеттин дагы 14 жаңы учуру катталды.
Кытайдын айыл чарба министрлиги куштардын сасык тумоосу Тибеттин баш калаасы Лхасага жеткенин, өлкөнүн ар кайсы провинцияларында бул ооруга чалдыккан адамдардын саны көбөйгөнүн билдирди.
Бүгүн жети өлкөнүн өкүлдөрү Делиде чогулуп, вирустун жайылуусун алдын алуу чараларын талкуулашты.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Айнурой Жекше кызы

XS
SM
MD
LG