Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Гаитиде козголоңчулар Кап-Гаитиен шаарын басып алышты


Калк ага каршылык көрсөткөн жок. Шаардын полиция бекети өрттөнүп жатканы кабарланууда. Бүткүл шаар боюнча атышуунун добушу угулуп турат, дүкөндөр талоонго учурады. Мунун алдында козголоңчулар аэропортту каратып алышкан эле.

5-февралда башталган козголоңдо 60ка чукул киши набыт болду. Президент Жан Бертранд Аристид иштен кетүү чакырыгын четке каккан. 21-февралда ал бийлик бөлүшүү боюнча эларалык планды кабыл алып жатканын жарыялады.

XS
SM
MD
LG