Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Дональд Рамсфелд Иран менен Сирияны чегараларын чыңдоого чакырды


БАГДАД. Кошмо Штаттардын коргоо министри Дональд Рамсфелд Ирактагы сапары учурунда Иран менен Сирияны чегараларын бекемдөөгө чакырды. Рамсфелд Кошмо Штаттары каржылоочу Ал-Иракия телеканалы аркылуу сүйлөгөн сөзүндө Ирактагы АКШ аскерлерине кол салган күчтөр Иранга жана Сирияга өтүп кетиши толук ыктымал экендигин эске салды. Рамсфельддин айтымында, Ирактагы коопсуздук жакшырып жатат, америкалык аскерлердин жана Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн маанайы жакшы. Дональд Рамсфелд Иракта болгон учурда бул өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн санын 15-майга карата 12 миңге чейин көбөйтүү тууралуу ниетин билдирди.
Кечээ эртең менен Киркук шаарындагы полиция имаратынын жанындагы жанкечтинин жардыруусунан 7 адам өлүп, ондогон адамдар жаракат алышты.

XS
SM
MD
LG