Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Улуттук коопсуздук кызматы кошуп жазууларга каршы


БИШКЕК. Улуттук коопсуздук кызматы энергетика тармагындагы мыйзам бузууларга байланыштуу 16 кылмыш ишин козгоду. Козголгон иштердеги эсеп боюнча, мамлекетке 263 миллион сом зыян келген. Мындай маалыматты бүгүн Улуттук коопсуздук кызматы таратты. Аталган кылмыш иштеринен сырткары 42 миллион сомдон ашуун зыян келтирген фактылар боюнча 81 материал прокуратурага, 94 материал Ички иштер министрлигине жиберилген. Коопсуздук кеңештин техникалык жана коммерциялык жоготууларды кыскартуу тууралуу чечимин райондук электр тармактар жетекчиликтери пайдаланылбаган электр энергияны ата-жыты жок атуулдарга кошуп жазып коюп, чечимди аткардык деген маалымат бергиси келген. «Маселен, Кызылкыя электр тармактар ишканасы 154 дайынсыз адамдарга 1 миллион сом дебитордук карызды жазып койгон. Мындай фактылар башка облустарда да катталган» деп белгиленет Улуттук коопсуздук кызматынын билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG