Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

Ачык космостогу иштердин мөөнөтү кыскартылды


АКШ менен Орусиянын космонавттарынын ачык космостогу иштери техникалык себептерден улам кыскартылды. Эл аралык космос станциясынан ачык космоско чыгуу орусиялык космонавт Александр Калеринин атайын кийими – скафандры бузулгандыктан, алар сапарын кыскартып, станцияга кайтып барышты. Беш жарым саатка пландаштырылган ачык космостогу саякат скафандрдагы мүчүлүштүктөр байкалып калып, жерге кабарлагандан кийин үч саатка жетпей токтотулду. АКШлык астронавт Майкл Фол жана Орусиялык космонавттын ачык мейкиндикке чыгышы – былтыр америкалык “Колумбия” кемеси кырсыкка учурагандан бери космосто кароосуз калган эл аралык станциядагы алгачкы тажрыйба болду.

XS
SM
MD
LG