БИШКЕК. Кыргызстан Мусулмандар муфтийинин буйругу менен 13- жана 20-март күндөрү кыргыз мусулмандары үчүн ишембилик күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Муратаалы Жуманов билдирди. Анын айтымында, бул күндөрү Кыргызстандын бардык дубандарындагы дин кызматкерлери өз аймактарындагы мечит, медреселердин айлана-тегерегин тазалап, жашылдандыруу, мүрзөлөрдүн тегерегин тазалоо иштерин жүргүзүшөт.