Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

ТИЛ ТАКТЫГЫ, КИТЕПТЕРДИН САПАТЫ, ӨКМӨТ БАШЧЫНЫН ҮЙҮ


Кыргызстандагы айрым гезиттер бул ирет да мамлекеттик тил жөнүндө жазышты. Айрым бир учурларда гана кыргыз тили колдонулбаса көп учурда орус тилинин көлөкөсүндө калып келди. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын тегерегиндеги талаш дагыле уланууда. Ал арада Бишкекте орус тилине арналган эларалык үлкөн конгресс өтмөкчү. Орусия президентинин жубайы катышуучу чоң иш-чарага даярдык кызуу жүрүүдө. Мындан тышкары гезиттерде өкмөт башчысы Николай Танаевдин үй шартын жакшыртуу ниетинде энергетиктерден алган карыз акчасынын айланасындагы талаш токтогон соң анын жаңы үй салдырганы ачыкка чыгууда. Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңеш төрагасынын жаңы үйү тууралуу маалыматты “МСН” гезити жарыялады.

Мамлекеттик тилдин көйгөйлүү маселелери жайында шейшембидеги “Эркинтоо” гезитинде академик Бектемир Мурзуибраимов менен профессор Токтосун Аширбаевдин макаласы чыкты. Авторлордун пикиринде, Кыргызстанда мамлекеттик жана ырасмий тилдердин эриш-аркак өнүгүшү үчүн жетиштүү шарттар түзүлгөн. Анткен менен кийинки кездери мамлекеттик тилге каршы чыккандар да болду. “Түпкүлүгүндө аты гана кыргыз, бирок затында ага туура келбегендердин да биртоп экендигин унутпашыбыз зарыл” деп жазат авторлор.

Мамлекеттик тил мыйзамын даярдоо төрт жыл убакытты алгандыгын, депутаттар аны кенен эки ай талкуулаган соң кабыл алышканын 2-марттагы “Слово Кыргызстана” гезитинде мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов маалымдады. “Бизде бардык иш орус тили аркылуу бүтүп келген – ишке кабыл алуу арызынан тарта, электр акысын төлөөгө чейин керектүү кагаздар орусча жазылчу” дейт О.Ибраимов. Анын айтымында, өкүмзор бийлик тушунда өчүрбөй сактап келген кыргыз тилин элибиздин демократия заманында жоготуп коюшу кечирилгис айып болмок. "Эгер жаңы мыйзамдан башка мыйзамдарга кайчы келген же адам укугун басынткан жагдай байкалса президент ага кол койбой коюшу деле мүмкүн" дейт О.Ибраимов.

Бишкекте өтүүчү орус тили боюнча эларалык конгресстин маани-мазмуну тууралуу шейшембидеги “Кыргыз туусу” гезитинде форумду уюштуруучу жумушчу топтун жетекчиси профессор Абдыкадыр Орусбаев кеп куруп берген. А.Орусбаевдин айтуусунда, конгресске КМШ өлкөлөрүнөн 1200 өкүл, 500гө жакын илимпоздордун катышуусу күтүлүүдө. Гезитте Папан Дүйшөнбаевдин кыргыз-орус мамилелерине арналган “ХХI кылымда да Россия менен биргебиз» деген макаласы жарыяланган. “Географиялык жактан ортобузду бир чоң мамлекет бөлүп турган менен, менталитет, маданият жагынан бизге Россиядан, орустардан жакын эч ким жок” деп жазат макала автору.

Тургунбек Суванбердиев атындагы “Кыргызполиграфкомбинат” акционердик коомунун жетекчиси Өмүрбек Шаршеналиев басылманын жаңы санында жарыяланган маегинде кийинки жылдары чыгып аткан китептердин сапаты мамлекеттик стандартка, санитардык нормага жооп бербестигине токтолгон. “Китеп басып чыгарууга технологиялык мүмкүнчүлүгү бары деле, жогу деле аралашып, киреше табуунун жеңил-желпи жолун китеп чыгаруудан көрүп жатышат”, дейт Ө.Шаршеналиев.

Өткөн жылдын башында “Кыргызэнерго” акционердик коому премьер-министр Николай Танаевге 102 миң доллар насыя акча бергенин маалымдоо каражаттары байма-бай жазышкан. Өкмөт башчы алынган акчаны аз өтпөй кайтарып берип, талашка чекит коюлган. Бирок жакында Н.Танаев Эркиндик менен Москва көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы үйдүн 6-кабатынын жарымын ээлеп, үй шартын жакшыртканын шейшембидеги “МСН” гезити жазды. Н.Танаевдин жаңы үйү 200 чарчы метр аянтты ээлейт. Жаңы үйдүн мансарды 400 чарчы метр. Жалпысынан 600 чарчы метр турак-жай өкмөт башчыга таандык. “Футбол ойносо да болот” деп жазат Геннадий Кузьмин.
XS
SM
MD
LG