ЛОНДОН. Европа өлкөлөрүнүн жетекчилери Ирактагы жардырууларды кескин сынга алышты. Германиянын тышкы иштер министри кол салууну "мыкаачылык" деп атады, ал эми Британиянын тышкы иштер министри Жек Строу бул кол салуу Ирактын убактылуу конституциясы боюнча макулдашууга жана шии мусулмандарына каршы багытталган болуш керек деп билдирди.