Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча эларалык кеңештин жаңы жарыяланган жылдык отчетунда айтылгандай, Түркмөнстан Ооганстандан чыгып жаткан баңгизаттардын агымын токтотуу боюнча аракеттерге аралашпай келүүдө. Ал - Ооганстандын коңшуларынын ичинен бул чөйрөдөгү эларалык иштерге катышпай жаткан жалгыз өлкө. 2000-жылдан бери өлкөдөн кармалган баңгизаттардын өлчөмү боюнча такыр маалымат бере элек. Уюмдун отчетунда белгиленгендей, түркмөн-ооган чегарасынын узундугу 700 чакырым экенин эске алганда, анын Ооганстанда өндүрүлгөн апийим менен героиндин жайылышына каршы күрөштөгү кызматташтыгы маанилүү.