Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

ТАТАРСТАНДЫН ЖОГОРКУ СОТУ ЛАТЫН АРИБИНЕ НЕГИЗДЕЛГЕН ЖАЗМА МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА ОРУСИЯНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНА КАЙРЫЛУУДА


Шейшекан Жаналиева, Прага шаары Шаршембиде (3-мартта) Татарстандын Жогорку соту татар жазмасын латын арибине өткөрүү маселеси боюнча аныктама берүүсүн сурап, Орусия Федерациясынын конституциялык сотуна кайрылуу тууралуу чечим кабыл алды. Татарстандын прокурору 1999-жылдын сентябрь айында Татарстан парламенти тарабынан кабыл алынган “Татар элинин латын тамгасына негизделген жазмасын калыбына келтирүү тууралуу» мыйзамды Орусиянын федерациялык мыйзамдарына шайкеш келбейт деп табуу тууралуу жумурияттын Жогорку сотуна кайрылган. Татарстандагы улуттук-маданий коомдор бийликтерди латын жазмасын сактап калууга чакырууда.

2002-жылдын 24-декабрында орус парламенти “Орусия Федерациясынын курамына кирген калктардын тилдери тууралуу” деп аталган жаңы мыйзамды кабыл алган. Бул мыйзамга ылайык, бир жылдын ичинде Орус Федерециясына кирген бардык элдердин жазмасы кайрадан кирилицага өтүшү керек болчу. Бул мөөнөт аяктаганына карабастан, Татарстанда жазма маселеси бир беткей чечиле элек.

Татарстандын прокурорунун жумурияттын Жогорку сотуна жолдогон арызына караганда, татар калкынын латын арибине негизделген жазмасын калыбына келтирүү тууралуу жергиликтүү мыйзам Орус Федерациясынын жаңы мыйзамына кайчы келет деп табылууга тийиш. Мындай кадам, татарлардын улуттук-маданий жана саясий уюмдарынын оюнча, өз жазмасын өзү аныктоого карата болгон татарлардын укугу жокко чыгарылат дегенди туюнтаар эле.

Татарстандын Мамлекеттик кеңешинин, башкача айтканда, парламентинин, мыйзамдуулукту сактоо, регламент жана депутаттык этика боюнча комиссиясынын төрагасы Мидхат Курманов 2-мартта Татарстандын Жогорку сотунун отурумунда чыгып сүйлөп, төмөнкүдөй сунушту айткан:

- Биздин оюбузча, бул маселени чечүүнүн эки жолу бар: биринчиси - бул маселе боюнча Орусиянын Конституциялык соту бүтүм чыгарганга чейин бул ишти кароону кийинкиге калтыра туруу. Экинчиси – Татарстан Жогорку сотунун коллегиясынын өзү да Орусиянын Конституциялык сотуна бул маселеге ачыктама берүү өтүнүчү менен кайрылууга тийиш.

Татарстандын прокурору Галина Синякова болсо жумурияттын соту бул маселени кечеңдетпестен, өз алдынча бүтүм чыгара бериши керек деп эсептээрин шейшембиде айткан болчу. Бирок шаршембиде (3-мартта) Татарстан Жогорку соту депутат Курмановдун экинчи сунушун колдогон бүтүмүн чыгарды. Эми Орусия Федерациясынын Конституциялык сотунда бул маселеде ачыктама берүү тууралуу Татарстандын жогорку эки бийлик бутагынын арызы каралууга тийиш. Бир кайрылуу – Татарстандын парламенти тарабынан 26-февралда жактырылып, 1-мартта Маскөөгө жиберилсе, экинчиси – эми гана жумурияттын Жогорку соту тарабынан даярдалууда.

Татарстан парламентинин Орусиянын Конституциялык сотуна кайрылуусунда өлкөнүн конституциясына ылайык, федерациянын субъекттери өз аймагында мамлекеттик тилди аныктай алаары, ал эми улуттук жазма болсо мамлекеттик тил менен тыгыз байланышта карала турган кубулуш экени баса белгиленет. Демек, жумурияттагы мамлекеттик тил жана аны өнүктүрүү маселелери жумурияттын өзүнүн алкагында чечиле турган иш-чарага жатат, деп эсептейт татар парламенти. Айтмакчы, былтыр 24-декабрда Татарстандын Конституциялык соту да ушундай маанидеги бүтүмүн чыгарып, латын жазмасын калыбына келтирүү маселеси расмий Казандын өзү тарабынан чечилиши керек деген турумду колдогон.

Татарстандын прокуратурасынын федералдык мыйзамдарды аткарууга көзөмөлдүк кылуу бөлүмүнүн прокурору Галина Синякованын пикиринде, жазма маселесин чечүү Орусия Федерациясынын борбордук бийлигинин ыйгарым укуктарына жатат.

Орусиялык саясатчылардын жана укук коргоочулардын айтымында, бул маселенин артында расмий Кремлдин федерациядагы жумурияттардын аймактык өз алдынчалыгын чектөө аракеттери турат.

XS
SM
MD
LG