Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

«Фергана» газетасынын жамааты ачкачылык акциясын баштоону көздөшүүдө


ЖАЛАЛАБАД. Көз каранды эмес "Фергана" газетасынын жамааты ачкачылык баштаганы турат. "Кыргызпочта" мамлекеттик департаментинин Бишкек шаары жана Жалалабад облустарындагы блүмдөрүнүн газетага болгон карызы 400 миң сомго жетти. Карыз өнбөгөндүктөн газета салык, социалдык фонд, ижара, басмакана төлөмдөрүн жана кызматчыларына эмгек акы төлөй албай калды. Почта башкармалары менен сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпагандыгын белгилеген башкы редактор Бакыт Орунбеков 4-мартта бул ишти эркин гезитке, сөз эркиндигине тосколдук катары баалады. Маселе жагдайында департаменттин башкы директоруна кайрылуу жиберилип, анда 10-мартка чейин жыйынтык болбосо газетанын эмгек жамааты иш орундарында ачкачылык акциясын баштаары эскертилген.

XS
SM
MD
LG