Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

ТЕРРОРЧУ ДЕП ШЕКТЕЛГЕНДЕРДИ СОТ ТЕРИШТИРҮҮДӨ


Жаркын Темирбаева Бишкек Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунда террорчулар деп шектелгендердин үстүнөн болчу сот ар кандай себептер менен 4-мартта улантылган жок. Буга сотко катышчу мамлекеттик айыптоочуну Башкы прокуратурага чакырып кеткени себеп болду деп айтылды.

Кыргызстандын үч, Казакстандын бир атуулу өткөн жылдын сентябрь айынан бери Улуттук коопсуздук кызматынын имаратынын жертөлөсүндө "террордук акт жасаганга аракеттенген" деген айып менен кармалып турат.

Өткөн сот жараянында Ленин райондук соттун бул иш боюнча судьясы Таалайбек Саатов сот териштирүүсү 4-мартта улантылаарын айткан. Бирок ар кандай себептер менен бүгүн сот иши улантылган жок.

Анткенге мамлекеттик айыптоочу катары сот териштирүүсүнө катышып жаткан Татти Исмаилованы Башкы прокуратура чакырып кеткени себеп болду. Мындай маалыматты бизги адвокаттар берди. Аны сот ишине жетекчилик кылган судья да ырастады:

- Мамлекеттик айптоочуну прокуратурага чакырткандыгына байланыштуу, ал ишке катышпай калды, -деди судья соттун улантылбай калышы тууралуу.

Ал эми адвокаттардын айтымында, террорчу деп шектелгендер боюнча сот ишине журналисттердин катуу кызыгып, сүрөткө тартып, үн жаздыруу аракеттеринен чочулоо соттун үзгүлтүккө учурашына түрткү болгон. Аны адвокат Айнабек Качкынбаев минтип билдирди:

- Маалымат каражаттары үчүн бул чоң окуя болду. Себебин өзүңөр байкап турасыңар. Сот иши качан эле башталган. Тынч эле үч жолку сот иши өтүп келген. Журналисттер көп келе баштаганынан сот токтоду, - деди актоочу Качкынбаев.

Экинчи бир адвокат Бабырбек Жээнбаевдин айтымында, 4-март күнкү сот жараяны ал кызыкчылыгын коргоп жаткан атуулдун - казакстандык атуулдун сөзү менен башталмак. Казакстандык атуулдун террорчу деп шектелип Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматкерлери тарабынан кармалышы, бул тууралуу анын туулган жерине билдирилбегени одоно мыйзам бузууларга жатат дейт актоочу. Мындан сырткары камакта шектелип жаткан атуулга күч колдонулуп, моюнга алдыруу үчүн ар кандай кысымдар көрсөтүлгөнүн жана камакта отурган атуулга улуттук коопсуздук кызматынын айрым тергөөчүлөрү тарабынан жасалган мамиле начар экенин актоочу минтип туюндурду:

- Мен Абдувалиевге жактоочу болуп келгенде ал мага: «менин кабыргамды сындырышты» деди. Мен ошол замат тергөөчүгө кайрылдым. Бирок менин жактоомдогу адамдын доосу боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындагыла деген өтүнүчүмө эч кандай жооп болгон жок.

Актоочунун бул сөзүн террорчу деп шектелген атуулдун бир тууганы да ырастады:

- Мен жакын тууганы катары айтаарым - жалган жалаа менен кармалып отурат. Террорчу деп шектелип кармалган 4 атуул тең жөн жеринен айыпталууда. Иним Казакстандын атуулу. Намаз окугандын баары эле террорист боло бермек беле?! Тимур деген белгисиз адамдын ортомчулугунда атайын уюштурулган иш деп ойлойм. Ошон үчүн мойнуна алдыруу үчүн ур-токмокко алып, кабыргасы сынганга чейин зомубулук көрсөтүшкөн.

Террорчу деп шектелип кармалган Казакстандын атуулунун жакын тууганынын мындай сөзүнөн соң биз улуттук коопсуздук кызматына телефон аркылуу кайрылганыбызда атын атабоону өтүнгөн бир кызматкер андай пикирлерди четке кагып, жалган деди:

- Биринчиден, мен андай сөздөргө жооп бере албайм. Экинчиден, "бизди урду-сабады" деген сөздөр жалган. Анткени тергөөчүлөр дайыма өз ишин Кылмыш-процессуалдык кодекстеринде каралган нормалардын чегинде аткарып, тергөө амалдарын жүргүзөт.

Сот жараяны 9-мартта улантылмак болду.

XS
SM
MD
LG