Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Демократиялык коопсуздук боюнча кеңештин иштегенине жыл толду


БИШКЕК. Бүгүн демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин иштегенине бир жыл болду. Ага арналган маалымат жыйынында кеңештин төрагасы Мирсаид Миррахимов демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңеш биринчи баскычтагы ишин аяктап, экинчисине киришкендигин билдирди. Анын айтымында, биринчи баскычта коомдук кеңештин жобосу иштелип чыгып, Кыргызстанда демократиялык коопсуздукту калыптандырууга негиз берүүчү Демократиялык кодекс кабыл алынды. Экинчи баскычта мына ушул кодексти ишке ашыруу милдети алдыда турат. Ал үчүн азыр орто мектептердин 7-11-класстарында демократиялык коопсуздук боюнча атайын сабак киргизүүгө жана аны окутуу үчүн окуу китебин чыгарууга даярдык жүрүүдө. Андан тышкары Демократиялык кодексти калктын бардык катмарына жеткирүү үчүн ал чөнтөк китеп тибинде чыгарылганы жатат.

XS
SM
MD
LG