Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Чегараны делимитациялоо боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүсү өтмөкчү


БИШКЕК. 13-17-мартта Бишкекте мамлекеттик чегараны делимитациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын бешинчи отуруму болот. Анда чегараларды кайсы документтердин негизинде аныктоо маселеси талкууланат. Бул тууралуу өкмөттүн аймактык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов билдирди. Кыргыз-тажик чегарасынын тогошкон тилкесинин узундугу 1 миң чакырымга жакын. Кыргыз тараптын маалыматы боюнча, тажик атуулдары Баткен облусунун аймагынан өз алдынча 1 миң 700 гектардан ашуун жерди ээлеп алган. Бул маселени кыргыз тарап 4-мартта Бишкекте өткөн соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссия жыйынынын күн тартибине киргизүүгө аракеттенген. Бирок тажик тарап аны чегараны делимитациялоо боюнча комиссия караш керек деген пикирде болгон эле.

XS
SM
MD
LG