БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын вице-премьер-министрлеринин суу-энергетика маселелери боюнча жыйындарында кабыл алынган чечимдерди талкуулашып, аларды Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген чечим катары баалашты. Депутаттар талкуунун жыйынтыгында токтом кабыл алышып, анда быйыл 4-январда Чымкентте, 11-февралда Бишкекте кол коюлган протоколдорду жокко чыгаруу, суу-энергетика боюнча коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү мындан ары энергетика маселелери боюнча президенттин өкүлү Жантөрө Сатыбалдиевге тапшыруу, өкмөттүн бул багыттагы буга чейинки ишин канааттандырарлык эмес деп табуу, энергетика тармагындагы менчиктештирүүнү текшерүү, суу-энергетика маселелери боюнча мамлекеттик комиссия түзүү керектигин белгилешти. Депутаттар ошондой эле Чымкент, Бишкек протоколдорунун мыйзамдуулугун текшерип чыгууну Башкы прокуратурага сунушташты.