Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:44

Түндүк уюлда окумуштуулар тобу кырсыктан куткарылды


МОСКВА. Кечээ Шпицберген аралында кырсыкка учураган “Түндүк уюл-32” станциясындагы 12 окумуштуудан турган изилдөөчү топ куткарылды. Бул тууралуу куткаруучу топтун башчысы Артур Чилингаров маалымдады.

- Биз элди гана алып чыгып кетип атабыз. Бул жерде сактап кала турган башка эч нерсе жок. Баарын толкун жууп кетиптир. Эч нерсе кыла албадык.

Бекет он ай мурда түндүк уюлдагы климаттын өзгөрүшүн иликтөө максатында орнотулган. Ал эми ушул шаршембиде 10 метрлик бийиктиктеги муз дубал жарылып кетип, бекет кырсыкка кабылган. Өмүрүнө коркунуч туулган илимпоздорду куткаруу үчүн аралга кечээ эртең менен эки тик учак барган.

XS
SM
MD
LG