Бишкекте апрель айында Украинанын классикалык жана элдик музыкасынын фестивалы өтөт. Бул фестивал Украина менен Кыргызстандын ортосундагы 2004-жылы билим жана маданият жаатындагы кызматташуу багытындагы келишимге ылайык өткөрүлөт. Билим берүү министрлигинин эл аралык бөлумү маалымдагандай, фестивал маалында эки өлкөнүн билим берүү тармагына жана илимий даражаларга байланыштуу маселелер каралат. Ошондой эле жогорку окуу жайларында студенттерди окутууда жеңилдиктерди берүү тууралуу сүйлөшүүлөр болот. Бишкек гуманитардык университетиндеги украин тили жана маданият борборунда кыргыз-украин тилинде газет чыгаруу пландаштырылууда.