10 миллионго жакын добуш берүүчү өлкөнү 2008-жылга чейин жетектей турган партияны тандоого тийиш. Аналитиктер негизги таймаш оппозициядагы “Жаңы демократия” консервативдик партиясы менен социалисттердин ПАКОС партиясынын ортосунда болот деп болжолдошууда. Сурамжылоолор биринчиликти консерваторлорго берүүдө. “Жаңы Демократиянын” лидери Костас Караманлис бүгүн добуш бергенден кийин мындай деп билдирди:
- Бүгүн демократиянын күнү. Гректер келечек үчүн добуш берип жатышат.
Бийликтеги социалисттер коррупция жаңжалдарына байланыштуу элдин ишениминен калганы менен атаандашын жеңип чыгууга далаалаттанып жатат. Партиянын жетекчиси Георг Папандреу:
- Грекиянын аймагы боюнча чогултулган маалыматтар биз үчүн өтө позитивдүү болууда. Биз оптимисттик жыйынтыкты күтүп жатабыз.