Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

ОРУСИЯНЫН ЧЕТ ЖАКАЛАРЫНДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО КЫЗУУ ЖҮРҮП ЖАТАТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда кийинки аптанын этегинде президенттик шайлоо өткөрүлөт. Бирок алыскы түндүк аймактарда жашаган өлкө атуулдарынын добушун чогултуу күн мурунтан эле башталган. Ошол себептен улам өлкөдө президент үчүн добуш бергендердин саны 6-мартта 10 миңге чукулдап барды. Андай добуштар мамлекет казнасы үчүн кымбатка түшүп аткандыгын анализчилер белгилешүүдө.

Мамлекет жетекчисин тандоо үчүн эң кымбатка түшкөн добуштар Орусиянын элетте жашагандарына таандык болууда. Мурунку аптада шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү Саха автономиялуу жумуриятынын чегинде жүздөгөн чарчы чакырым тайганы тикучак менен кыдырып, ал жактарда байырлаган бугу багуучулар, мергенчилер, геологдор берген добуштарды жыйнашты. Федералдык бюжеттен тикучактардын жол жүрүүсү үчүн ар бир саатына 30 миң рубль, же 1000 долларга чукул каражат кеткенин кийин адистер эсептеп чыгышты.

Верхоян шайлоо комиссиясынын жетекчиси Ирина Старостинанын айтканына караганда, “алар кыдырган жерлерде добуш берүүчүлөрдүн саны анча көп болбогону менен, алардын добуш берүү укугун сыйлоо арзырлык иш. Андан сырткары ар бир барган жерден жүз пайыз добуш алууга мүмкүн болууда”.

Бирок ыраакы элетте жашагандардын бир далайы - президенттикке талапкерлер ким экенин укпаган, көрбөгөн аңчылар, бугучулар, геологдор. Учак аркылуу гана чоң жер менен катташкан аймактардагы шайлоочулар кээде президенттикке канча талапкер бар экенин алардын добушун чогултуу үчүн келген шайлоо комиссиясынын өкүлүнөн алгачкы жолу угушат. Расмий өкүл маалыматты канчалык деңгээлде бейтарап тааныштырат, аны бир кудай билет.

Алыскы түндүктөгү Ханты-Мансы автономиялуу округунда жана дегеле ыраакы түндүктө жана ыраакы чыгышта жашаган саны жагынан аз келген калктар добуштарын эртелеп беришти. Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Александр Вешняковдун пикири боюнча, “өлкөдө алдын ала добуш жыйноо бөтөнчө учурда гана уюштурулат”. Ошондуктан бул аймактардагы президенттик шайлоо өнөктүгүн мамлекеттеги “бөтөнчө учур” деп эсептесе ылайык дешүүдө сыртан көз салуучулар.

Ишембиде алдын-ала таш салгандардын саны 10 миңге чаап барган.

Аңгыча, дал ушул аптанын жума күнү, талапкерлердин бири Иван Рыбкин жарыштан чыгаарын жарыялады. Баса, кайсы бир анализчилердин жоромолуна караганда, ал Лондондон кайтып келээри менен аны жарыштан чыгууга маскөөлүк жашырын кызматтагылар мажбурлаган сыяктанат.

БШК төрагасы А.Вешняков журналисттердин “буга дейре Рыбкинге деп салынган таш кимдин эсебине кошулат?” деген суроосуна: “Ал добуштар эсепке алынбайт”, - деп жооп узатты. Андан ары Рыбкиндин атын 111 миллион шайлоо бюллетенинен чийип салууга мүмкүн боло тургандыгын кошумчалады.

14-мартта өткөрүлө турган президенттик шайлоого элдин келиши кандай боло тургандыгы тууралуу Вешняков төмөндөгүдөй жоромолун айтты:

- 7-декабрде өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгын эске туталы, ал 56 пайызды түзгөн. Ага 5-8 пайыз үстөк кошобуз. Менимче, 14-мартта шайлоо чөлкөмдөрүнө келип добуш берүүчүлөрдүн саны мына ушундай көрсөткүчтү түзөт ко.

Президенттик орун үчүн ат салышып жаткан Сергей Глазьев, Олег Малышкин, Сергей Миронов, Владимир Путин, Ирина Хакамада, Николай Харитонов эл көзүнө көрүнүү үчүн колдо бар аракетин жасашууда. Бирок дээрлик көпчүлүк азыркы президенттин жеңишке жете тургандыгын көңүлдө тутушууда. Ошол себептүү айрым анализчилер анын атаандаштарын “Путиндин чачпагын көтөргөндөр” деп да аташууда.

XS
SM
MD
LG