Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

АЯЛЗАТ МАЙРАМЫ БҮГҮН КЫРГЫЗСТАНДА РАСМИЙ БЕЛГИЛЕНЕТ


Аманбек Дилденбай, Бишкек шаары Кыргызстанда 8-март - Аялдардын эл аралык күнү расмий майрам катары белгиленет. Бул расмий окуяга байланыштуу салтанаттар коомчулукту азыркы учурдагы кыргыз аялдарынын абалы тууралуу дагы бир жолу учкай ой жүгүртүүгө чакырууда.

8-март - эл аралык аялдар майрамы Кыргызстанда Октябрь ыңкылабынан бери атайын майрам күнү катары белгиленип келет. Келээрки жылы бул майрамдын 95 жылдык мааракеси Кыргызстанда да атайын белгиленет. Адатта бул күнү алатоолук аялдар урмат сыйга бөлөнүп, кымбат баалуу сыйлыктар менен сыйланат.

Алардын коомдогу орду тууралуу мамлекет башчысы Аскар Акаев майрамдык куттуктоосунда мындай деп белгиледи:

- Бүгүн ишенимдүүлүк менен айтсак болот. Биздин өлкөдөгү аялзаттын профессионалдуу чыгармачылыгын ишке ашыруу жана социалдык жактан коргоо мамлекеттик саясаттын негизги багытынын бир бөлүгү.

Ал эми белгилүү саясатчы Клара Ажыбекова кыргыз аялдарынын учурдагы абалы тууралуу мындай пикирде:

- Чынын айтканда, бүгүнкү биздин кыргыз аялдарынын ал-акыбалы абдан кыйын. Таланттуу, өсө турган кыздар чет жактарга кетип атат. Ал жерден ылайыктуу жумуш табалбай кыйналгандар канча. Кыскасын айтканда, өзүбүздүн генофондубузду жоготуп жатабыз.

Учурда өлкө калкынын 51% ашуунун аялзаты түзөт.

XS
SM
MD
LG