Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

МАГНИТОГОРСКИДЕГИ КЫРГЫЗДАР ӨРТТӨН ЖАПА ЧЕГИШТИ


Чолпон Орозобекова , Бишкек Орусиянын Магнитогорск шаарында кыргыздардын товар сактачу жайы өрттөнүп кетти. Айрыкча, насыяга акча алып иштеп аткан айрым кыргыздардын товары бүт күйүп кетип, айлалары куруп турган кез. Айрым байкоочулар Магнитогорскидеги кыргыздар 525 миң долларга зыян тартты десе, кай бирлер товарлардын алынган баасы менен эсептегенде жалпы чыгым 350 миң доллар болду дешет.

Магнитогорскиде 800гө жакын кыргыз бар. Ошолордун бир кыйласынын жашоосу соода-сатык менен өтүп атканы түшүнүктүү. Магнитогорск шаарындагы кыргыздар диаспорасынын башчысы Абдрасул Айдаровдун билдиргенине караганда, кыргыздардын 90%нын товары күйүп, айлалары куруп турган кез.

26-февраль күнү кечкурун кыргызстандыктар күндүзү соода кылган, түнкүсүн товарын коюп жүргөн имаратта өрт чыккан. Сыртта бирөөлөр бул имараттын жанындагы темир арабаны ширетип атышкан. Дал ушул маалда электр түйүнүндө өрт чыгып, имараттын ичиндеги электр зымдары ээрип күйө баштаган. Абдрасул Айдаровдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, өрт туш-туштан товарларга жармашып, тез эле ээ бербей күч алып кеткен. Жумуштан кийин товарларын коюп үйүнө камданып аткан эл буюм-тайымын алмак турсун өздөрү араң качып чыкканга үлгүрүшкөн. Анын оюнда бул окуяны кокустук, кырсык деп айтууга болот. Карап тургандардын айтымында, атайы кимдир-бирөөлөр тарабынан жасалды дешке негиз жок. Өрт атайы коюлушу мүмкүн деген да ойлор бар. Чет жерлердеги кыргыз диаспораларын колдоо боюнча «Замандаш» фондунун лидерлеринин бири Жума Абдуллаев бул боюнча тергөө жүрүп атканын, балким кимдир бирөөлөр атайын жасаган болушу ыктымал деп боолголойт.

Магнитогорскидеги кыргыздар диаспорасы учурда «Замандаш» фонду аркылуу кыргыз журтчулугуна кайрылуу жасады. Анда Орусияда аргасы куруп турган мекендештерге моралдык жана материалдык колдоону аянбоо өтүнүчү жазылган. Замандаш фондунун вице-президенти Жума Абдуллаевдин айтымында, Магнитогорскидеги кыргыздардын арасында нанга акчасы жок калгандар да бар. Алар үчүн банкта атайын эсеп ачылганы турат. Топтолгон каражат Магнитогорскиге жөнөтүлмөкчү.

Орусиядагы челноктор жолдо бажычыларга товарын алдырып, тонотуп же түркүн кырсыктын кесепети аркылуу 1000, 2000 доллардан ажыраганы эчак көнүмүш окуяга айланган. Мынчалык чоң өлчөмдө жалаң кыргыздардын күйүшү биринчи жолку окуя экен. Ростов-на Дону шаарындагы кыргыздардын диаспорасын башкарган Руслан Эшимов четте жүргөн кыргыздарды жардам жөнөткөнгө үндөмөкчү. Анын оюнда, айрыкча Орусиядагы иши жүрүшүп аткан кыргыз бизнесмендерде үмүт чоң.

Орусияда челноктук кылган кыргыздар ар кыл кырсыктан улам товарларынан айрылган окуялар буга дейре да бир нече ирет болуптур. Мисалы, Казанда болгон өрттө да кыргыздар жапа чеккен, бирок бул жолкудай чоң жоготуу болгон эмес. «Замандаш» фондунун эксперттери Орусиядагы челноктор товарларын камсыздандырып, мындай кокустуктардан сактануунун жолдорун үйрөнчү убак эчак келгенин белгилешет.

XS
SM
MD
LG