АЛМАТЫ. Казакстандын Костанай областындагы Затобильск кыштагында машине жасоочу заводдо жарылуу болду. Жарылуунун себептери жана кырсыктан жабыркагандар жөнүндө маалымдалбайт. Костанай областынын акимчилигинин маалыматына караганда, завод кыштактын чок ортосунда соода комплексинин жанында жайгашкан. Кырсык болгон жерде өрт өчүргүчтөр менен куткаруучулар иштеп жатышат.